Аналитика, Статьялар Дата:
0 билдирүү

Генералды Атамбаев сатып алдыбы? — серепчилердин жообу

Курсан Асанов Кой-Ташта экс-президентти кармоо операциясынын башында туруп, жөнөкөй жарандарга жана күч органдарынын кызматкерлерине олуттуу зыян келтирбей, өз милдетин так, жоопкерчиликтүү аткарып, профессионалдуулугун дагы бир ирет далилдеди. Ал эми ага «милицияны сатып кетти» деген өңдүү арыз-дооматтардын коюлуп жатканы жалган сыяктуудай көрүнөт.

Элдин эсинде генералдын 2010-жылдагы кандуу Ош окуясында эл менен бирге болуп, тынчтыкты камсыз кылууга, улуттар аралык достукту, ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымын жакшы билебиз.

Курсан Сатарович кыргыз милициясынын жүзү, чыныгы генерал гана эмес, ал мамлекеттин бүтүндүгүн, кызыкчылыгын биринчи орунга койгон патриот инсан экенин көрсөттү.

Белгилүү журналист Эмилбек Момунов Курсан Асановдун кызматынан кеткени тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:

«Жогору жактагылар Курсан Асановго ич күйдүүлүк кылды»

— 2010-жылы Оштогу июнь окуясында биздин солдаттар ары жактан самолет, аскерлер келатат дегенде ошол учурдагы Оштун коменданты Курсан Асанов «Мекенди коргоо үчүн кимиң жаныңды курман кылууга даярсыңар!?»,- деп бир кадам алдыга басканда, калган миңге жакын милиционерлер да ойлонбой туруп, анын катарына турушкан. Андан кийин ары жактагы учууга камынып аткан самолёттор токтоп калган дешет. Мен бул тууралуу ошол от менен канды кечкен журналист, өз көзү менен көргөн репортёр катары айтып атам. Эгер Курсан Асановдун ушундай эр жүрөктүүлүк жана мекенчилдик, баатырлык бир ооз сөзү болбосо, Кыргызстандын түштүгүнүн тагдыры кыйын болмок…

-Курсан Асановдун ИИМге чыккынчылык кылганына ишенесизби?

-Курсан Асановдун канчалык деңгээлде ИИМге чыккынчылык кылып, кимдин ишениминен кеткендигин албетте, убакыт көрсөтөт. Бирок бул окуя коомчулукту аябай дүрбөтүп турат. Анткени 8-августтун кечинде мурдагы тырмагына чейин куралданган президент Алмазбек Атамбаевди «тирүүлөй», эч бир ок атышпай туруп колго түшүргөндүгү үчүн Курсан Асанов эл арасында аябай колдоого ээ болуп турганда ИИМдин ички коопсуздук кызматынын мындай билдирүүсү көпчүлүктүн бетине суу чачкандай эле болуп калды. Ошондуктан мындай мамиле ИИМ министри баш болгон айрым жогору жактагылардын ич күйдүүлүгү катары бааланууда.

 

Блогер Шүкүрбек Эркебаев генералдын мындай кырдаалда барган кадамына төмөнкүчө баа берди:

«Асанов Атамбаев менен жашыруун операциясын жасаган»

— Курсан Асанов өзүнүн авторитетин кетирип, тескери жолду тандап алды. Ал Атамбаевге кошулуп алып, ага жан тартты. Буга дейре дагы ага берилгени тууралуу күч органдарында сөз болуп жаткан. Мына ошол даана тастыкталды. Ал эч кандай эрдик жасаган жок деп билем. Аны «саткынчы» деп аташканы да жөн жерден болбосо керек.

Курсан Асановдун үнүн укканда Алмазбек Атамбаев ага жооп берип, багынган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында баары мыйзам чегинде болоорун убадалаган Курсан Асанов минтип бүгүн ошол убадасы боюнча да жапа чегип жатканын серепчилер бир ооздон айтышууда.  ИИМ жетекчисинин орун басары Курсан Асановдун Кой-Ташта экс-президенттин жакындары менен сүйлөшүп жаткан тасмасын жарыялады.

Анда Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын болгон куралдарды тапшырып берүүгө чакырып жатканын көрүүгө болот.

«Баарын укуктук талаада чечебиз. Алмазбек Шаршенович биринчи унаага эки жан сакчысы менен отурсун, экинчи унаага Кундуз Жолдубаева отурсун. Эшикти ачкыла, мен куралдарды көрө берейин. Менин  генералдык сөзүм — эч ким тийбейт», -деди Курсан Асанов Атамбаевдин адамдарына. Мындай учурда Курсан Асанов биринчи кадам жасаганы эске алынбай жаткандыгы өкүндүрөт. Балким, ал барбаса, мындан да көп жоготуулар болмок дешет серепчилер.

Кийинки тасмада экөөнүн маңдай-тескей туруп, сүйлөшкөнүн көрүүгө болот.

«Элдин тынчтыгы деп, мага кандын кереги жок деп, өз эркиңиз менен колго түшүп бергениңизге ыраазычылык билдирем. Бардыгы мыйзамдын негизинде чечилет. Балдарыңызга эч ким тийбейт. Азыр убакыт болуп калды, чыга берсек болот»,деди Курсан Асанов.

Ал арада Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева «ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына маалымат берип турган» деген сөздөрдү четке какты. Курсан Асанов Атамбаевди дипломатиялык жол менен кармап жаткан учурда Кундуз Жолдубаева окуялардын күбөсү болуп, уюлдук телефонуна видеого тартып жаткан:

— Курсан Асанов биз менен кызматташып, маалымат берген эмес. Бул жөн гана ага жалаа жабуу. Асанов 8-августта сүйлөшүүнүн жыйынтыгына жетишти. Ошондон кийин коомчулукта анын бедели көтөрүлүп, «чыныгы элдик генерал» деген сөздөр айтылды. Мүмкүн кээ бирөө көрө албастык кылып жаткандыр. Сүйлөшүүдө Курсан Асановдун ролу чоң болду. Асанов үчүнчү кабатка көтөрүлүп «Алмазбек Шаршенович, мен Курсан» деп айтканда Алмаз Шаршенович ага ишенди. Анын сөзүнөн, жүргүзгөн маегинен сүйлөшүү ийгиликтүү болушуна кызыкчылыгы бар экени сезилип турду.

Айрым массалык маалымат каражаттары «Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына жашыруун маалымат берип турган» деп айыпталып жатканын жазышууда.

Жолдубаев берген комментарийинде 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармап кетип баратканда жансакчысы көтөрө чыккан баштык боюнча да түшүндүрмө берди. Ал сөз болуп жаткан баштыкта Атамбаевге тиешелүү мүлктүн документтери болгонун, алар мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесаревге өткөрүлүп берилгенин айтты.

Социалдык тармактарда «Атамбаевдин үйүнөн чыгарылган баштыкта баалуу буюмдар болгон» деген тасмалар тарап жатат.

Ал эми ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановго Аскер прокуратурасы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, ишти иликтеп жатат.

Генерал Курсан Асанов ага коюлган айыптарды толугу менен жокко чыгарып, ал жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбогонун жарыялады.

Курсан Асанов буга чейин козголгон иш боюнча далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган деп шек саналууда.

Башкы прокуратура ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Кызматтан алынган генерал мындай дооматты четке кагып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегенин айтып чыкты.

«Милициянын кызыкчылыгын саткан» деп бир күн мурда кызматтан алынган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш ишин Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренесинин негизинде («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») ачылган иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, милициянын генералы суракка чакырылды. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватованын айтымында, Асанов буга чейинки иш боюнча далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган.

Наргиза Куватова.
Наргиза Куватова.

«Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын Курсан Асановдун мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөсүнүн корутундусу бизге келип түшкөн. Курсан Асанов 7-8-августтардагы өз аракеттери менен министрдин талаптарын жана көрсөтмөлөрүн аткарбай, министр менен макулдашпастан, укугу жок туруп өз алдынча чечим чыгарган. ИИМдин өздүк курамын коркунучта жана башкаруусуз калтырган. Мындан тышкары Жазык-процессуалдык кодекстин талаптары сакталбай, иш боюнча мааниси бар далил буюмдарды жана башка документтерди тергөө органдарынан жашыруу аракети болгон», — деди Башкы прокуратуранын өкүлү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду Кой-Таш окуясында «милициянын кызыкчылыгын саткан» деп кызматтан алганы тууралуу маалымат коомчулукка 13-августта жарыяланган. Генерал Асанов ошол эле күнү билдирүү таратып: «Мен өзүмдүн кызматтык милдетимди аткардым деп эсептейм. Жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун», — деп айткан.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев күч түзүмдөрүнүн айрым кызматкерлери Атамбаевге жана анын тарапташтарына ыкчам маалыматтарды жеткирип, бул үчүн акча алып турганын айткан. Айрым маалымат каражаттары бул Асанов болушу ыктымал экенин жазып чыгышкан. Мындан көп өтпөй Алмазбек Атамбаевди кармап кетип баратканда жансакчысы көтөрө чыккан кызыл баштык тартылган, анын ичинде акча жана баалуу буюмдар болушу ыктымал экендиги айтылган тасма Интернетке тарады.

Биздин редакцияга өздүк булактардан Курсан Асановдун Атамбаевди үйүнөн чыгарып жаткан толук видеосу келип түштү. Генерал Курсан Асановдун мындан аркы кадамы кандай болот, аны убакыт көрсөтөт…

Сүрөт, видео интернеттен алынды

Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg үчүн

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, авторлордун пикирлери редакциянын көз карашын билдирбейт.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.