ВИДЕО: УКМК төрагасы: «Жоокерди өлтүрүү үчүн жүрөккө атышкан»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековду өлтүрүш үчүн атайын жүрөккө атышкан. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев билдирди.

«Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Ниязбековду түз эле жүрөккө атышканын көрсөттү. Башкача айтканда аны атайын эле өлтүрүш үчүн атышкан. Эскертүү иретинде бутка же колго атса болмок. Үсөн дароо өлгөн».

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу