ВИДЕО: Кадыр Атамбаев, экс-президенттин уулу: «Мунун арты менен атама бардык күнөөнү илип коюуну каалашкан»

Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев «Жаңы жүздөр» («Новые лица») журналына маек берип, 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуяларды «күч түзүмдөрү тарабынан уюштурулган чагым» катары баалады.

«Мен бул өтө дыкат уюштурулган чагым болгон деп ойлойм. Ал болушунча көп курмандыктарды алып келиш үчүн жасалган. Мунун арты менен атама бардык күнөөнү илип коюуну каалашкан».

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө тартылган жарым саатка чукул видеомаекте ал 7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча биринчи операция учурунда Ысык-Көлдө апасы менен эс алып жүргөнүн айткан. Ошондой эле Кой-Таш операциясында окко учкан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» түзүмүнүн жоокерин атасы атпаганын билдирген.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда бир жоокер каза болсо, 136 адам жарадар болгон.

Сүрөт, видео интернеттен алынды

 

Билдирүү калтыруу