УКМК каза болгон жоокердин үй-бүлөсүнө жардам бермекчи

Окуялар тизмеги 13 Авг 2019 16:06
0 ой-пикир

Кой-Таштагы кагылышууда каза болгон «Альфанын» командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун үй-бүлөсүнө УКМК жардам берет. Бул тууралуу маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев билдирди.

Айтымында, Үсөн Ниязбековго атайын кызматтын полковниги наамы берилет. Анын үй-бүлөсүнө мыйзам боюнча жөлөкпул төлөнүп берилет.

УКМК маркумдун балдарына жардам көрсөтөт.

Үсөн Ниязбековдун артында жубайы жана 4 баласы калды.

Эске салсак, мурунку президенттин Кой-Таштагы үйүнөн Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын «Альфа» атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза тапты.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.