Токмок: Поезд кырсыкка кабылды

Окуялар тизмеги 13 Авг 2019 10:25
0 ой-пикир

13-августка караган түнү Токмок шаарында поезд (тепловоз) кырсыкка учурап, эки вагон рельстен чыкты. Бул тууралуу маалыматты «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы таратты.

Окуя болжол менен саат 22:00дө катталган.

Маалыматка караганда, транспорт катуу ылдамдыкта баратып бурулган учурда ооп кеткен. Курмандыктар жана жабыр тарткандар жок.

Вагондор «Кыргыз темир жолу» ишканасы менен иштешкен Токмоктогу айнек чыгаруучу заводдун мүлкү болгону кабарланууда.

Кыргызстандын темир жолунда жылына ондогон кырсыктар катталат. Анын көбү адам өмүрүн алуу менен аяктайт. Акыркы жолу 3-июнда Бишкектеги темир жолдо жарылуу болуп, төрт адам жабыркаган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.