Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Орозбек Опумбаев УКМКнын кызматкерлерин сабагандарды мыйзам чегинде түрмөгө отургузгандан кийин кызматын тапшырарын жар салды. Ал бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында билдирди:
— Мен бул иштерди бүтүрүп, баарын отургузайын. Айрыкча менин кызматкерлеримди ургандардын баарын мыйзам чегинде отургузуп туруп анан кызматтан кетем.
Эске салсак, 7-август түнү Алмазбек Атамбаевди атайын кармоо учурунда «Альфа» атайын ыкчам тобунун кызматкери каза болгон.
Сүрөт интернеттен алынды