ИИМ: Мирбек Айтикеев камакка алынган эмес, ал тургай суракка чакырыла элек

Окуялар тизмеги 13 Авг 2019 15:39
0 ой-пикир

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеевдин камакка алынганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Ал Айтикеев азырынча суракка да чакырыла элек экенин билдирди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, Мирбек Айтикеев, Кундуз Жолдубаева, Дмитрий Ложниковдор журналист катары эмес, Кой-Таштагы окуяларга күбө болгон адам катары суракка чакырылат.

12-августта айрым массалык маалымат каражаттары Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынганын жазып чыгышкан.

Бүгүн, 13-августта башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча маалымат беришти.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.