ИИМ активист Рита Карасартованын айткандарына жооп берди

ИИМ: Социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматка төгүндөө Социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматка байланыштуу ички иштер министрлиги Рита Карасартованын билдирүүсүндөгү маалыматты төгүндөйт. Анын маалыматында, Кой-Таш айылынын жашоочусу (аял киши) өз айылына кире албай жаткандыгы, жаракат алган жергиликтүү тургундар ооруканага кайрыла албай, өз күчтөрү менен даарыланып жаткандыгы көрсөтүлгөн. Айылда бардыгын кармап, опуза талап кылып, коркутуп жатышы мүмкүн делип жайылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Андан сырткары, айрым маалыматтык агенттиктерде Кой-Таш айылынын жашоочулары даарыгердик жардам алуу үчүн шаардык ооруканага кайрылуудан коркушууда жана аларды даарылоодон баш тартып жатышат делген материал жарыяланган. Ички иштер министрлиги расмий түрдө билдирет, 7-8-августундагы окуялардагы фактылар боюнча иликтөөлөр калыс жана бардык укуктар менен мыйзамдуу кызыкчылыктарды сактоонун мыйзамдуу ыкмалары менен жүрөт. Азыркы учурда ички иштер органдары тарабынан 7 жана 8-август күндөрүндөгү окуялар боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек. Ар кандай маалыматтык агенттиктерде жана социалдык тармактарда жарыяланган видеолор, фотоматериалдар текшерилүүдө. Мыйзамды бузуу фактысы боюнча кылмыш иштерин ар тараптуу жана калыс иликтөө камсыздала тургандыгын дагы бир жолу белгилейбиз. Ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзамдын алкагында гана өздөрүнүн иштерин жүргүзүшөт жана эч кандай опуза талап кылуулар, коркутуулар, кугунтуктоо болгон эмес. Эгерде милиция кызматкерлери тарабынан укукка жат келген иш-аракеттер болгон болсо, анда ИИМге же прокуратурага кайрылсаңыздар болот, -деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу