ФОТО: Баткенде жер-жемиштер менен бирге ташылып бара жаткан баңгизат кармалды

Окуялар тизмеги 12 Авг 2019 15:53
0 ой-пикир

Жер-жемиштер менен бирге ташылып бара жаткан баңгизат кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, Үч-Коргон айылында адамдардын тобу, жер-жемиштер менен бирге салынган баңгизатты Россияга, андан кийин Европага жөнөтүүнү көздөшкөн.

Милицияга маалымат келип түшүп, алар айтылган жерге келгенде баңгизат салынган унаа кетип калган.

Бирок ал унаа, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлеринин жардамы менен Кара-Көл шаарында кармалган.

Унаадан 44 кг 300 грамм баңгизат табылган.

Сүрөт ИИМ басма сөз кызматы тарабынан берилди

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.