ВИДЕО: «Африкада террористтерди жок кылган уулум, Атамбаев аттуу террористтин колунан курман болду” — маркумдун апасы

Окуялар тизмеги 09 Авг 2019 12:27
0 ой-пикир

Бүгүн Кой-Таш айылында атайын операция жүргүзүүдө каза болгон УКМКнын “Альфа” атайын бөлүмүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбековду үй-бүлөсү, туугандары жана кесиптештери акыркы сапарга узатып жатышат.

Маркумдун апасы өмүр бою өлкөнүн мурунку президенти Атамбаевди  каргап жүрүп өтөөрүн айтып ыйлады. Алмазбек Атамбаевге окшогон адамдар бул дүйнөдө жаралбасын деген ачуу сөздөрүн айтты.

Ошондой эле, уулу өмүр бою кыргыз мамлекетинин коопсуздугун бекемдеп келгендигин белгилеп, ” Африкада дагы террористтерге каршы күрөшүп, бирок Атамбаев аттуу террористтин колунан курман болду” — деп сай-сөөгү сыздады.

Зыйнатта сөз сүйлөгөн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Орозбек Опумбаев, Үсөнбек Ниязбековго полковник наамын ыйгарылганын айтып, бул наамды маркум сентябрь айында алышы керек эле деп  белгиледи.

Эскерте кетсек, “Альфа” атайын бөлүмүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков Кой-Таш айылындагы мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө атайын операция жүргүзүүдө төшүнө ок тийген. Ок анын жүрөгүн жана өпкөсүн тешип өткөн. Анын өпкөсүндө 3 литрге жакын кан толуп, операция жасоо учурунда жүрөгү токтоп калган.

Улуттук коопсуздук органынын подполковниги Үсөнбек Ниязбеков 46 жашта болчу.

Сүрөт, видео: WWW

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.