Өкмөт Солтон-Сарыдагы кендин лицензиясы боюнча түшүндүрмө берди

Окуялар тизмеги 07 Авг 2019 16:47
0 ой-пикир

Кыргыз өкмөтү тараткан маалыматка ылайык, “Zhong Ji Mining Company” компаниясы Солтон-Сары кенинде 2009-жылдан бери иштеп келет.

Алгач “Zhong Ji Mining Company” ишканасы 2009-жылдын 20-декабрынан 2020-жылдын 2-сентябрына чейин Солтон-Сарынын Бучук аймагынан алтын кенин чалгындоо үчүн лицензия алат. Ал учурда Мамлекеттик геология агенттигин Капар Курманалиев жетектеп турган.

Андан кийин 2011-жылы Замирбек Эсенаманов, 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев, 2018-жылы Сүйүнтбек Аликеевдин жетекчилигинде ишкананын лицензиясы узартылган.

Акыркы лицензия 9-февралда Сапар Исаков өкмөт башчы болуп турганда берилген. Чалгындоо үчүн лицензия Солтон-Сарыдагы Бучук аймагында жалпы 1500 гектарга берилген. Анда жалпы төлөм 211,9 млн сом эсептелген.

Ал эми 2013-жылдын 4-февралынан 2033-жылдын 4-февралына чейин “Zhong Ji Mining Company” компаниясы Солтон-Сарыдагы Бучук аймагынан алтын иштетүү үчүн лицензия берилген.

2013-жылы Мамлекеттик геология агенттигинде Ишимбай Чунуев директор болчу. Кен казуу үчүн ал аймактан жалпы 44 гектар бөлүнгөн. Ишкана 2019-жылы 1306,3 кг, 2020-жылдан ары 2094 кг алтын казууну пландаган.

Учурда кен казып жаткан жерде 473 кызматкер иштеп жатат, анын 301и кыргыз жарандары. Солтон-Сары кени Бишкектен 355 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан.

5-августта кытайлык компаниянын кызматкерлери менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. Милиция анда 300гө жакын киши чыкканын айтса, айрым маалыматтарда алардын саны 500 экени кабарланууда. Милиция окуяны териштирип жатат.

Нарындын Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясына нааразы болгон 600-700гө чукул киши дагы эле ишкананын ишин токтотууну талап кылып турушат. «Азаттыктын» Нарындагы кабарчысынын айтымында, чогулгандар кенге жакын жерде мал союп, казан асып алышкан.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жергиликтүү тургундарга «Jhong ji Mining» компаниясынын ишин бир айга убактылуу токтотуу боюнча Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын чечимин көрсөттү. Бирок айыл тургундары ага макул болбой, «кытайлык ишкана үч күндүн ичинде Солтон-Сарыдан чыгып кетсин» деген талапты коюшууда.

6-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен чет элдик жумушчулардын ортосундагы окуя ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек экенин айткан.

Кийинчерээк вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, кендеги окуяны талкуулашкан.

Солтон-Сары кенинде чыккан жаңжалдан жабыркаган «Jhong ji Mining» компаниясынын 19 кызматкери 6-августта Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан чыгарылды. Ошол эле чырда жаракат алган бир жергиликтүү тургун дарылануусун улантууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.