Тамашоучу, актер Кубанычбек Курманбеков экинчи ирет ата статусуна ээ болду

Окуялар тизмеги 01 Авг 2019 11:41
0 билдирүү

Актёр Кубанычбек Курманбековдун үйүндө наристе үнү жаңырды. Кечээ, 30-июлда актёрдун жубайы Замира уул төрөдү.

«Жубайым бүгүн түшкү тамактануу убагынан кийин борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Кудайга шүгүр, эне-баланын абалы жакшы. Уулумдун салмагы 3 килограмм 650 грамм, бою 53 сантиметр болду. Наристебизге ысым тандай элекпиз», — дейт Курманбеков.

2015-жылы Кубанычбек Курманбеков Замира аттуу сүйлөшкөн кызына үйлөнүп, түгөйлөр уулдуу болушкан.

Актёр «Жер тоголок», «До+Фа», «Браво», «Пентхаус», «Бир мешок акча», «Понт» жана башка тасмаларда роль жараткан. Ал «Ак Өргө сити» командасынан суурулуп чыккан.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.