«Эки телеканал ишин уланта берсе, митингге чыгабыз», — «Мекен Шейиттер» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү

Окуялар тизмеги 01 Авг 2019 14:00
0 билдирүү

Бүгүн, 1-августта «Мекен Шейиттер» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп жатышат. Алар Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди көрсөткөн жергиликтүү эки каналдын жабылуусун талап кылышууда.

“Мекен Шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөсү Жылдызбек Исаков: “Кыргыз элинин душманын жергиликтүү каналдардан көрсөтүү бул элди шылдыңдоо”, – экенин билдирди.

«Бул каналдар мыйзам чегинде жооп берсин, элдин алдында кечирим сурашсын, Эл душманын жергиликтүү телеканалдан көрсөтүп жатышат. 7-апрелде канчалаган аялдар жесир, балдар жетим калды», – деген нааразычылыгын айтты Исаков.

Аталган коомдун өкүлдөрү эки каналга тиешелүү чаралар көрүлсүн деген талап коюшту. Эгерде мыйзам чегинде жоопко тартылбаса митингге чыгышарын кошмчалашты.

Эске салсак, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 31-июлда Бакиевди жактаган тасмаларды көрсөткөн маалымат каражаттарына эскертүү берди. Атайын кызмат “Телеберүүлөрдүн авторлору жасаган иши жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билбей жатышат. УКМК авторлорго коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет” деп билдирди.

Ошону менен катар УКМК «Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурун козголгон кылмыш иштери боюнча Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгонун» белгиледи.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, азыркы убакта айыпталуучулар изделүүдө.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.

1-августта ал 70 жашка толот.

30-июлда «Нью ТВ» жана «Нур ТВ» телеканалдары аны жактап, 70 жылдыгы менен куттуктаган тасма көрсөткөн.

Шакиев Бакиев президент болуп турганда анын басма сөз катчысы болгон.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.