Сирияга адашып жана алданып баргандар боюнча конференцияга 4 өлкөнүн эксперттери катышып жатат

Окуялар тизмеги 30 Июл 2019 16:28
0 билдирүү

Кыргызстан Жакынкы Чыгыш мамлекеттериндеги радикал топторго адашып кошулуп кеткен жарандарын мекенине качан алып келери азырынча так эмес. Бирок бул жаатта пландалган иштер дээрлик аяктап калганын  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов билдирди. Кыргыз өкмөтү түзгөн жумушчу топ ушул тапта бул гуманитардык операциянын алкагында иштеп жатат.

Бишкекте 29-июлда Сириядагы жана Ирактагы радикал диний агымдарга Борбор Азиядагы мамлекеттерден барып кошулган жарандардын тагдыры, аларды мекенине кайтаруу жана реабилитациядан өткөрүү жаатында ири конференция башталды.

Эки күндүк жыйынга Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандын мамлекеттик, бейөкмөт уюмдарынын адистери, эксперттер катышууда.

Конференцияда казак өкмөтү 2019-жылы жарандарын артка кайтаруу жаатында үч этаптагы операция аткарып, 524 кишини мекенине алып келди. Анын 357си балдар, 137си аялдар. Өзбекстан май айынын соңунда 156 жаранын, негизинен аялдар менен балдарды алып келди. Тажикстан 84 баланы ата журтка кайтарды.

Аталган мамлекеттер Сирия жана Ирактагы радикал топторго адашып кошулуп калгандарды алардын өздөрүнүн өтүнүчү менен мекенине алып келген. Аларга гуманитардык, психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Мекенине кайткандар менен психологдор, күч органдарынын адистери иштеп жатат.

Конференцияны «Search for common ground» эл аралык уюму, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана «Тынчтык институту» чогуу өткөрүүдө.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.