Украинада шайлоонун жыйынтыгы чыкты

Окуялар тизмеги 27 Июл 2019 16:15
0 ой-пикир
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 26-июлда парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, президент Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы добуштардын 43,16 пайызын алды.

Орусияга ыктаган «Оппозициялык платформа — Жашоо үчүн!» партиясына 13,05 пайыз добуш тийди.

Үчүнчү орунду Юлия Тимошенканын «Батькивщина» партиясы 8,18 пайыз менен алды.

Мурдагы президент Петр Порошенконун «Европалык тилектештик» партиясын шайлоочулардын 8,10 пайызы колдоду.

Украин парламентине ошондой эле рок-аткаруучу Святослав Вакарчуктун «Добуш» партиясы өттү. Бул партия 5,82 пайыз добуш алды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.