Кыргыз-тажик чек арасы: Көйгөйдү кантип чечебиз? Серепчилердин жообу

Аналитика, Статьялар 27 Июл 2019 15:31
0 ой-пикир

Баткен облусунун Ак-Сай айылында 23-июльда кечке жуук Баткен облусунун Баткен районунун Тажикстандын Ворух эксклавы менен кесилишкен аймагында чатак чыгып, ок атышуу болгон. Анда бир киши набыт болду.

Баткендин Ак-Сай районунун тургундары Ворух айылынын жашоочуларынын айыл четине байрак илүүсүнө каршы чыгышкан.

Еlgezit.kg басылмасы бул жагдайда Кыргызстандагы саясатчы, саясий серепчи жана журналисттерге суроо берип ойлорун укту.

1) Негизи Баткен тынч болбой келет. Ал жерди облус дагы кылышты, бирок эч кандай майнап чыккан жок. Мүмкүн административдик борбор кылса жарашмак беле…?

2) Азыр Өкмөттү күнөөлөп жатышат, бирок бул көйгөй мурдатан эле маселен, Аксы окуясы андан кийинки окуялар чыгып эле жүрбөйбү…

 3) Делимитация, демаркация иштери бүткөндө деле ушундай көрүнүштөрдүн күбөсү боло беребизби же бара-бар бул чыр-чатактар токтолобу? Адам өмүрүн алган чыр-чатактарды кантип токтотуу керек?

Саясат таанучу Табылды Акеров Баткендеги чырдын чыгышы тууралуу да өз оюн ортого салат:

  1. ММКлрага чыккан маалыматтарыга караганда, жаңжал болбогон жерден чыгып кеткен сыяктуу. Эки тарап эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусун дайындап жатып, тажик тарап өз өлкөсүнүн туусун Ворухка илген. Ага нааразычылыктар чыгып, анан чыр күчөп кеткен. Албетте, эки тарап бирине-бири иш-чараларды билдирип, маалымат кылып туруш керек болчу.
  2. Баткен тынч эмес. Себеби, ал тогуз жолдун тоомундагы аймак. Бул жерден Афгандан келаткан наркотрафиктин жолу өтот. Ар кандай кызыкчылыктардын кагылышы болуп турат. Облус  болгону эле жакшы. Менимче, көпчүлүк учурда накотрафиктин кызыкчылыгында конфликттер болуп келет. Кыргыз бийлигинде да өтө көп наркотрафик менен алектенгендер бар. Мыйзамдарды бекемдеш керек. Наркотрафик менен күрөштү күчөтүш керек. Менимче, наркобарондор бул аймакты өз бизнестерине ыңгайлаштырып алгылары келип жатат. Ошого ылайыкташкан жолдорду салдырып алууга аракеттенип жаткан өңдүү.
  3. Өкмөттүн күнөөсү ал бардыгын алдын алуусу керек болчу. Бийлик структуралары иштеши абзел. Кызыкчылыктарды так жана даана билип, аларды жоюунун жолдорун да билиши зарыл. Тажик тарап кыргыз жерлерине олтурукташуусун жоюу боюнча иш алып барыш керек. Кыргыздарды чек арага жакынкы жерлерге отурукташып калышын шартташ керек.

Белгилүү саясатчы, «Республика-Ата-Журт» партиясынын кош лидери Камчыбек Ташиев Баткендеги жаңжал боюнча өз оюн мындай деп билдирген:

-Өткөндө Аксайда чек ара чыры чыгып, эки тараптуу кыргыз-тажик протоколу түзүлгөндө,» ошол протоколду бергиле элге, окуп түшүнөлү, себеби тажик тараптын элге берген маалыматы боюнча биз утулуп калып жатабыз» деп канкакшап да алалган эмесбиз. Мына чыккан чыр ошол протоколдун негизинде чыгып жатат, себеби ал протоколго биздин жолду «чогуу пайдалануу жолу» деп аташып, ал жолго асфальт төшөөгө тажик тарапка уруксат берилип калган, бул таптакыр биздин мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбейт болчу!!!Мына кечээ күнү тажик тарап жолду асфальттоону баштап биздин «Ак-Сай» — деп жазылган белгини сурдуртуп салат, ошондон конфликт чыкты.
Биз бир метр да жерибизди бере албайбыз!
Чоңдор мекенчилдик кайда???
Колуңардан келбесе бошоткула жооптуу мамлекеттик орундарды өзүбүз чечебиз, керек болсо жаныбызды беребиз!!!
Элимдин тынчтыгы болбосо, жеримдин бүтүндүгү болбосо, эмнеге жашап жүрөбүз?!
Урматтуу Президент, чечкиндуу чараларды корунуз, дипломатиянын эн жогорку деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүңүз!
Элди, укук коргоо жана аскер кызматкерлерди чыр-чатакка салып берүүнү токтотуш керек!!!

Урматтуу бийлик ээлери!
Кечээги Ак-Сайлыктарды аткылап, токмоктоп, коркутуп элдин ушун алганыңар таптакыр туура эмес болду. Элге жасалган бул мамиленер учун жооп беришинер керек. Эгерде силердин ошол жасаган жумушуңар эл үчүн болуп жатса, анда эмнеге ошол элге түшүндүрүп,тил табыша албайсыңар? Эмнеге өздөру кыйналып чек арада турмуш өткөрүп, жапа чегип турган адамдарды дагы токмоктоп, аткылап түшүндүрөсүңөр? Кантип эле чоңдордун арасында эл менен сүйлөшө турган, элди көндүрө ала турган бирөөңөр жок? Анда эмнеге эл, мамлекет, бийлик деп иштеп жүрөсүңөр?
Элдин убалынан корккула, бийлик, байлык түгөнөт, бүтөт, ал эми эл ар дайым кала берет, элибиз түгөнбөйт, элге кол көтөргөндү токтоткула, азыркы бийликте олтургандар силерди ошол карапайым, жөнөкөй эл колдоп анан келгенсиңер, унутпагыла!!!
Ак-Сай айылынын тургундарын кордогондор жоопко тартылышы керек!
Урматтуу Президент, элге көңүл буруңуз, элден алыстабаңыз, чара көрүңүз кеч болуп кала электе, мен коркпоймун, элим үчүн башымды сайып коюуга даярмын, баарыбыз АЛЛАХдын колундабыз!!!

Cеметей Талас уулу, журналист:

-Баткендеги чек ара чыры боюнча баткендик туугандар контрабанданы токтоткула, чек араны 2-3 айга жапкыла деп какшап жазып атышат. Себеби, чек ара жабылганда тажиктердин соода тирилиги токтой түшөт. Тажикстанга, андан ары Афганистанга чейин күйүүчү май, курулуш материалдары, жыгач ташыган ири миллионер аткезчилер бар. Тонна-тонна. Килейген фуралар, бензовоздор менен алып киришет. Арасында молдосу да аралаш. Эми булардын бизнеси үчүн, мамлекетке кыйратып салык төкпөгөн байлыгы үчүн, ошол адал-арамы аралаш оокатынан «откат» алып чек ара көйгөйүн чечпей коюу — Акмакчылык! Тажик-кыргыз конфликтинде чек арачылар менен күч орган кызматкерлери элди коргоп чыгып, өз кызматын кылып жатышат. Анысына ыраазычылык. Бирок жүз миллиондогон долларды чапчыган тажик-кыргыз аткезчилик бизнесинде булар дагы эки колун чыканагына чейин тыгып алышкан. Себеби бизден ал жакка эл колдончу товарлар кирсе, ал жактан наркотик чыгат.  Чек араны убактылуу жаап койсо, туура болмок.

-Президенттер деле сүйлөшкөнү абдан жакшы. Маселе көбүрөөк чечилет. Кудай буюрса чечилсе керек. Ал Эми Баткенди административдик борбор кылууга өтө ыңгайсыз. Дегеним, ыңгайсыз жерде жайгашкан.

Учурда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү уланды. Эки тараптын чырынын алдына туш келип калган расмий жолугушууда Сооронбай Жээнбеков меймандос кыргыз жеринде, Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн жээгинде Эмомали Рахмон менен жылуу учурашты.

«Сиздин келишиңиз өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүгө кошумча түрткү болот. Өз ара толук түшүнүүнүн жана ишенимдин кырдаалында өткөн кечээги сүйлөшүүлөргө биз канааттандык», — деп белгилеп, Сооронбай Жээнбеков анын иш сапары учурунда Исфара шаарында кыргыз өкүлдөрүн чын көңүлдөн кабыл алганы жана меймандостугу үчүн тажик тарапка ыраазылык билдирди.

«Эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бүт комплексин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларга биз чын ниеттен кубанычтабыз. Биз кыргыз-тажик чек арасын делимитиациялоо процессин тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Чек ара боюнча ишти „жөнөкөйдөн татаалга карай“, өз ара урматтоо принциптерин карманып, бири-бирибиздин кызыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүүнү макулдаштык. Биз ошондой эле регионалдык жана эл аралык проблематикалар, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстан маанилүү роль ойногон региондогу суу-энергетикалык маселелер боюнча пикир алмаштык. Бул контекстте Кыргызстан сууну пайдалануу проблемаларына глобалдык деңгээлде дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча Тажикстандын жаратман саясатын жогору баалайт жана колдойт», — деп баса белгиледи өлкө башчы.

Ал Эмомали Рахмондун колдоосу менен чек ара боюндагы аймакта тарыхый жолугушуу өткөнүн белгиледи.

«Биздин эгемендик тарыхыбызда мындай боло элек болчу. Биздин жолугушуу эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү боюнча мындан аркы чечкиндүү аракеттерге бекем таяныч болуп берет деп ишенем», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келүүгө чакыруу үчүн ыраазылык билдирди.

«Меймандос кыргыз жергесинде жолугуп жатканыбызга мен абдан кыбанычтамын. Бул жолугушуу кыргыз-тажик күн тартибиндеги олуттуу маселелер боюнча биздин ортобуздагы конструктивдүү диалогду улантууга жакшы мүмкүнчүлүк берди. Биз Кыргызстан менен болгон тыгыз өз ара аракеттешүүнүн туруктуу өнүгүшүнө кызыкдарбыз, биздин өлкөлөр ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди ырааттуу бекемдөөгө чоң маани беребиз. Тажикстан мындан ары карай да Кыргыз Республикасы менен саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин дагы бир жолу тастыктайт», — деп баса белгиледи Эмомали Рахмон.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 26-июлда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барды. Эки мамлекеттер башчыларыгнын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыктын эң олуттуу маселелери, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланды.

Мындан ары Эки өлкө ортосундагы достук мамилелер өчпөй, мындай жаңжалдар эки өлкө ортосунда орун албайт деп үмүт кылалы!

Жазгүл Урмамбетова, — атайын Еlgezit.kg үчүн

Еlgezit.kg редакциясы макаланын маңызы үчүн жооп бейрбейт жана редакциянын көз карашын билдирбейт

Сүрөт интернеттен жана Фейсбуктан алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.