Эмомали Рахмон Кыргызстанда

Окуялар тизмеги 27 Июл 2019 12:25
0 ой-пикир

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 26-июлда Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Рахмонду президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

27-июлда Чолпон-Ата шаарында эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери, анын ичинде кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр уланат.

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барган.

Эки мамлекеттердин башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы кесилишкен тилкеде Кыргызстандын жана Тажикстандын айылдык кеңештеринин коомчулугунун жана аксакалдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Андан соң сүйлөшүүлөр Исфара шаарында уланды.

Cүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.