Сооронбай Жээнбеков: «Биз чек араны тынчтыктын жана достуктун чек арасы кылгыбыз келет»

Окуялар тизмеги 26 Июл 2019 15:05
0 ой-пикир

Мамлекет башчыбыз Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворух айылынын жашоочулары менен жолугушту.

Расмий жолугушуу учурунда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн бийлиги чек арага чектеш аймакта жашаган элдин маселесин биргелешип чечүүгө аракет кылып жатышканын айтты.

«Биз чек арадагы элдин жашоо-шартын жакшы билебиз. Бардык маселелерден кабарыбыз бар. Аларды чогуу чечкенге аракет кылып жатабыз. Биз чек араны тынчтыктын жана достуктун чек арасы кылгыбыз келет. Мен чечилбеген маселе жок деп ойлойм», — деди Жээнбеков.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантууну сунуштады.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.