Жогорку Кеңеш дааратканалары үчүн 708 миң сомдук тендер жарыялады

Окуялар тизмеги 25 Июл 2019 16:52
0 ой-пикир

Жогорку Кенеш сантехника сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Анын баасы 708,2 миң сомду түзөт. Бул маалыматты мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады.

Баардыгы болуп 23 чоң унитаздар, сенсордук смесител менен писсуарлар, раковиналар, суу бөлүштүрүү идиштери жана аларды монтаждоого ар кандай тетиктер сатылып алынмакчы.

Эске салсак, мурда  ЖК 2,7 миллиона сомго дааратканаларды оңдоого тендер жарыялаган. Анда жеңүүчү болуп ЖЧК «Тянь-Шань импекс» аталып, ал 2,2 миллион сомго жумуштарды бүтүрүп бермекчи болгон.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.