Жаңы премьер алгачкы жыйынында Британия Европа биримдигинен чыга тургандыгын билдирди

Окуялар тизмеги 25 Июл 2019 17:31
0 ой-пикир

Британиянын жаңы премьер-министри Борис Жонсон шаршемби күнү министрлер кабинетинин алгачкы жыйынын өткөрдү.

Өкмөт башчы алдыда өлкө үчүн өтө маанилүү максат турганын айтып, Британия 31-октябрда же балким андан эрте Европа биримдигинен чыгарын билдирди. “Эч кандай “эгер”, “бирок” деген шарт болбойт”, — деди премьер.

23-июлда Лондон шаарынын мурдагы мэри, мурдагы тышкы иштер министри Борис Жонсон консерваторлор партиясынын лидери болуп шайланып, мурдагы өкмөт башчы Тереза Мэйдин ордуна келген.

Ал Евробиримдик менен «Брекзит» боюнча жаңы келишим түзөрүнө убада кылып келе жатканы менен шаркеттин лидерлери келишим долбоору кайра жазылбай турганын кескин эскертишкен. Буга чейинки документти британ парламенти бир нече жолу четке каккан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.