Тагдыр. Атасы тирүү туруп, атасыз калгандар…

Учурда жалгыз бой энелер, ажырашып балдарын жалгыз бутуна тургузуп жаткандар арабызда көбөйүүдө. Айрым айымдар турмушка чыкпай эле, “өздөрү үчүн” балдарды мыйзамсыз (никеге турбай) төрөп жатышат. Мындай жол менен жарык дүйнөгө келген балдардын тагдыры, кийинки жашоосу, келечеги кандай болот аны эч кимди кызыктырбагандай сезилет.

Ооба, толук үй-бүлөдө төрөлгөн бала бардык шарттар менен камсыз болуу менен бирге эненин да атанын да бактысына бөлөнөт эмеспи…

Ал эми жалгыз атанын, же болбосо жалгыз эненин колунда чоңойгондорго ар дайым ага жасалчу жылуу сезимдер жетишпей келет. Ошентсе да, алар кичине кезинен тартып “бир канаты жок” жашаганын эске алып, балдарын таштабаганга аракет жасайт. Балага атанын да, эненин да мээрими абдан керек. Таята, таене менен бирге чоң ата, чоң энелери да баланын тарбиясына чоң салым кошуусу абзел. Бирок, ар дайым эле биз каалагандай турмуш курала бербейт тура. Азыр канча деген мигранттардын балдары туугандарыныкына ата-эне тарабынан калтырып, балдар көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткандыгына биз сиз менен күбөбүз. Албетте, атасы жок балдар мектепте ар кандай сыноолорго кабылат. Коомчулук атасы жокторго да башкача мамиле жасайт.

Учурда ажырашуулардын саны көбөйүп, ортодо балдар эле чайналып, ары же бери боло алышпай, убара тартышат. Бул да баланын психологиясына таасир бербей койбойт. Үй-бүлөдө күйөөсү аялын, аялы күйөөсүн сыйлап турса дагы пикир келишпестиктер туугандар арасында чыгып кеткен учурлар бар. Көпчүлүк учурда эки жаштын ортосуна атайылап от тутандырышкандар да жок эмес. Мындан улам үй-бүлө бузулуп, сүйүү оту түбөлүккө өчүп калганы кейиштүү. Ошондуктан, үй-бүлө статусун көтөрүп, үйдө күйөөнүн ролу, аялдын ролу кандай болуу керектигин биринчи жубайлар аныктап алышы керек.

“Атасыз жетимдер”

Жакында эле кызымды алып барган бала бакчадан Гүлмира кызы, Элеонора уулу деген балдардын фамилияларын тактадан көрүп калдым. Дароо эле ал энелерди таанып жүргөндүктөн, аларга суроолорумду берип калдым. Гүлмира айымдан эмне себептен кызына өзүнүн атын бергени тууралуу сураганымда, ал кызын өзү үчүн төрөп алгандыгын айтты. – Менин жаш курагым да өтүп баратканынан, үй-бүлөсү бар адамдан төрөп алдым. Бирок, ал бизге жардам бербейт. Ошондуктан, өзүмдүн атымды кызыма бергем. Алгач, баары таң калышкан. Бирок, мага бала маанилүү болду. Ушактар туугандар арасында жүрдү мен тууралуу бирок, мен бала үчүн жашагым келет. Азыр кызым жок жашоомду элестете албайм.

Гүлмира айым жалгыз бой энелердин катарына кирет. Бирок, мамлекет тарабынан эч кандай жеңилдик албайт. Алайын десе жумушу бар, үйү да бар экен. Баланын күбөлүгүндө “атасы” деген графада сызык турат. Кызы азыр бой жетип калган. Бирок кичине кезинен тартып ата тарбиясын көргөн жок, жада калса кичинесинде сүрөт тартканда мени эле тартып койчу,- дейт энеси. Таята, таенеси менен жакшы катташып турат.

— Бир күнү мектепте 23-февраль аталардын майрамы болуп калды. Баары атасына галстук жасап, мектепке аталар келди. Биз эмне кылаарды билбей, инимди мектепке чакырдык, — дейт бир ыйлап, бир туруп күлгөн эне.

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы балдардын өнүгүшүнө арналган акыркы иликтөөсүнүн жыйынтыгын 29-майда жарыялады. Фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуонун айтымында, балдардын өнүгүшүнө зарыл багыттарды аныктаган фонд бир топ көрсөткүчтөр боюнча мындай иликтөөнү төрт жыл сайын жүргүзүп турат.

Өлкөнүн Улуттук статистикалык комитети менен бирге жүргүзүлгөн иликтөө калктын 30% түзгөн балдардын 32% жакырчылыкта жашаарын жана 80 миңден ашык бала жетилүү жагынан артта калганын аныктаган. Андан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдардын 60% жөлөкпул албай тургандыгы жана 3-4 жаштагы балдардын 72% өз курагына жараша жетилбей жаткандыгы белгилүү болгон.

Өлкөдөгү 2 млн. 450 миң баланын 77% өз ата-энеси менен жашаганы менен балдарынын өнүгүшүнө аталардын катышы 11%, энелердин катышы 45% гана түзгөн. Жалпы балдардын 87% үй-бүлөдөгү чоң адамдардын таасири астында өсөөрүн аныктаган.

Иликтөө 1-17 жаш курактагы балдардын 47% уруп-сабоого, 5% катуу зордук-зомбулукка, 70% психикалык агрессияга такай дуушар болорун да көрсөткөн. Аймактар боюнча алганда балдарга ыдык көрсөтүү Ош облусунда 85,7%ды, Чүй облусунда 80,9%ды түзгөн.

Ал эми эрте турмуш куруу көрүнүшү 2014-жылдагы иликтөөгө салыштырмалуу 14%дан 9%га түшкөнү, бирок Баткен, Нарын, Чүй облустарында жогору экендиги аныкталган.

Ошондой үй-бүлөдөгү зомбулукка айылдагы балдарын 35%, шаардагы балдардын 22% кабылары белгилүү болду. ЮНИСЕФ бул иликтөөсүнүн маңызын калкка жеткирүү жана алдын алуучу чара көрүш үчүн 1-июндан тартып түшүндүрүү иштерин уюштуруп, атайын даярдалган социалдык тасмаларды көрсөткөнү жатат.

Активист Урмат Акунов жалгыз тарбиялаган энелердин түйшүгү жана атасы же энесинин мээриминен айрылган балдар тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди:

Учурда жалгыз бой энелерди 3 багытка бөлсөк туура болот:

— Ата-энеси ажырашып кеткендер;

— Атасынан айрылгандар;

— Мыйзамсыз жыныстык катнашка баргандар.

Атасы менен апасы пикир келишпестиктен же дагы башка себептер менен жашабай калганда, бала атасын же апасын (кимдин колунда калса) көбүрөөк жакшы көрөт. Ошол эле учурда экөөнү тең кыйа албайт. Ал эми атасынан айрылгандар анын элесин эстеп атасыз чоңоюшат. Бирок, ата-тегин билет. Ал эми мыйзамсыз төрөлгөн балдардын келечеги бүдөмүк. Анткени, ал ата-тегин билбей өсөт, жашоосунда ар кандай тоскоолдуктарга дуушар болот. Булар өзүнчө бир “клан” – матриархатты түзүп жатышат. Бул өтө туура эмес нерсе. Биринчиден, бул улуттун жоголуусуна жол ачып жаткансыйт. Экинчиден, буларда патриоттук сезим, ата мекенге болгонго сүйүү, дегеле ишеним деген нерсе жок болот. Негизи бала толук үй-бүлөдө өсүп-чоңоюш керек. Атанын да эненин да тарбиясын алуусу зарыл.

Учурда мигранттардын балдары да ата-энесинин туугандарынын колдорунда өсүп жатышат. Бул дагы туура эмес, себеби алар ата-эненин мээримин албай жатышат. Мындай балдардан таш боордукту, мээрез, кайдыгер, зөөкүр да адамдар чыгышы ыктымал. Ошол себептен бала толук үй-бүлөдө тарбияланышы керек.

Учурда КТРКнын «Ала Тоо» маалымат программасынын алып баруучусу Актилек Глжигит кызы да балдарын жалгыз өстүрүп келет. Ал тагдырдын түйшүгүн өз жон териси менен тартып, башынан көп нерселерди өткөнүн өз баракчасына байма-бай жазып турат.

— Мектеп жабылышы менен балдарымды чоң атасыныкына алып бардым. Автоунаадан түшкөнүбүздө эле, айылдын борбордук көчөсүндөгү сатуучулар, такси айдагандар бизди карап калышты…

— Оо, кандайсыңар?! Келгиле! Садировдор келген турбайбы! Жүргүлө, чоң атаңардын үйүнө жеткирип коём, — деп, такси айдаган киши машинасынын эшигин ачты.

Отурдук. Баратабыз. Баягы көчө, баягы үйлөр, баягы теребел. Бул айылда жашоомдун жартысы калган. Баары баягыдай, бирок балдарымдын атасы гана жок эле.

— Апа, неге келдиңер десе не дейбиз? — Андай дебейт балам. — Ээээ, муну карагыла! Чоң атаң менен чоң энең силердин карааныңарга зар болуп жүрүшөт го!, — деди такси айдаган ава.

Биздин көк дарбаза эми кызыл болуп калган тура. Мен күнүгө таңда шыпырып жүргөн таштак көчө… Шактары дубалдан аша ийилген алма… Жаз келген сайын актап-сырдаган дубал… Баары баягыдай туруптур. Көзүмө жаш келдиби, келбедиби билбейм. Буулуктум окшойт…

— Апа, атамдын үйү ушулбу? — Ооба, дарбазасын каккыла, мен машинада отуруп турам. — Апа, эми мектеп ачылышына барабыз а? — Көрөбүз. Ит жок бекен, этият болгула.

Дарбазаны авасы ачты да, балдарымды бир саамга таң кала карап туруп, шарт кучактай калды.

— Табышты! Келин, сен кирбейсиңби?, — деди таксист ава. — Жок, мен кете берейин…

Мага кол булгалап, кирип кетишти. Машинаны айдатып жылып кеттим.

Мүмкүн таарынычымданбы, балдарымды көрсөтпөйм деп ойлочумун. Бирок, эркек балага ата-теги сөзсүз керек экен. Кийин дагы балдарымдын алдында күнөөкөр болуп калбашым керек эле. Атасы көз жумганда, мыйзам боюнча да балдарды талаша албай тургандай кылдым эле. Ортодо жаман-жакшы сөздөр айтылды. Эми, мейли…

Балам менен телефондо сүйлөшкөндө, чоң энеси кучактап алып аябай ыйлаганын, көргөн сайын көзүнө жаш алып жатканын айтты. Уулдарым сырткы келбети дагы, кылык-жоругу, жүрүм-туруму атасын жазбай тарткан. Аларга баласы тирилип келгендей эле болгон чыгаар…

Алар менен 7 жыл катташпай жүрдүк…, -деп жазат диктор өзүнүн баракчасында.

Ал эми актриса, блогер жана өлкөдөгү белгилүү теле алып баруучулардын бири — Назира Айтбекова дагы баласын жалгыз тарбиялап, өстүрүп келет. “Спутник” агенттигинин «Биз – ата-энебиз» рубрикасынын алкагында ал өз турмушу, уулун тарбиялоо сырларынан бөлүшкөн.

Эки башка жолго түшүү айрым жуптарды куткарса, ал эми кай бирлери үчүн ажырашкан соң кыйынчылык менен коштолгон жаңы турмуш башталат. Азыркылар уянын бузулушун оор нерсе катары деле кабыл албай калды өңдөнөт. Албетте, кээде саламаттыкты жана өмүрдү сактоо үчүн ажырашуу жападан жалгыз жол, бирок айрым учурда тек гана өзүмчүлдүк жана чабалдыктан улам гана эки бөлөк багыт алып тынышат. Бирок ажырашууга эмне себеп болгон күндө да, ортодо чайналган эле балдар. Алар атанын же эненин мээриминен өксүк калат. Атасыз уул тарбиялоо туурасында Назира Айтбекова айтып берди.

— Кандай сапаттардын калыптанышын каалайт элеңиз? Тарбия берүүдө кандай принциптерди карманасыз?

— Жан дүйнөсү таза инсан болуп чоңоюшуна бүт күчүмдү жумшайм. «Эч качан жалган айтпа. Канчалык ачуу болсо да чындыкты айт, мени урушат деп коркпо», – деп кулагына куям. Чынчыл болууга, аялзатын сыйлоого үйрөтөм. Жолдошум экөөбүз 2016-жылы ажыраштык, атасынын жоктугу балага таасир этпей койбойт тура… Жалгыз бой эне болуу да жеңил эмес экен. Айрым учурда балама аз көңүл буруп жаткан жокмунбу деп бушайман болом, ал эми кээде уулума эркектин тарбиясы жетишсиз экенин сезем. Ошол себептен, уулумду жаныма көп ээрчитип жүрөм, эркек досторум менен сүйлөшсүн, алардан кандайдыр таасир алсын дейм. Айылга барганда туугандарымдан баламды катуураак кармашын өтүнөм. Спорттун бир түрү менен машыкса, машыктыруучусу ага устат, үлгү болсо дейм. Бирок азырынча спортко өзү кызыкпайт.

— Алдын ала бул суроом үчүн кечирим сурайм, атасы кабар алып турабы уулунан? Мамилелери кандай?

— Атасы ага WhatsApp менен сүйлөшүп туруу үчүн планшет сатып берген. Бардык маселе боюнча атасына кайрылышына шарт түзөм, бирок, кыязы, анын Ариетке убактысы жок өңдөнөт, себеби, башка бүлөсү бар. Апта сайын аны менен жолугууга кээде мүмкүн болбой калат. Айына бир жолу келсе, уулум экөөбүз сүйүнөбүз. Азыр ал биз үчүн конок сымал, андай баарлашууну тарбия дешке болбойт.

Жалгыз бой аталар да жок эмес

Жалгыз бой энелердин катарында энелер гана эмес, аталар дагы бар. Алардын бири Кенжебек. ал Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында турат. Жубайы менен ажырашып кеткен. Төрт баласын өзү 3 жылдан бери багып келет. Бардык түйшүктөр ага жүктөлгөн. Бирок ошондой болсо да, ал балдарына жакшы шарттарды түзүп бергенге аракет кылат. Өзү пансионатта кароолчу болуп иштеп, вагондо балдары менен бирге жашайт.

Дагы бир каарманым дагы Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылынын тургуну — Эрнис байке. Анын жубайын жана эжесин жолдон аркы өзгө өтүп бара жатканда унаа сүзүп кетип, ошол жерден экөө тең каза болгон. Каргашалуу күндөн тартып 4 жыл өтсө да, кайра үйлөнгүсү келген эмес. Ал 3 баласын жалгыз багып келет. Ал Ысык-Көл-Бишкек каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт.

-Аялым экөөбүздүн пландарыбыз көп болчу. Ошонун баарын бирге ишке ашырабыз деп ойлгом. Бирок, маңдайыма ушуну жазып коюптур. Эми жалгыз балдарды багып, эч нерседен кем кылгым келбейт, — дейт кейиген ата.

Бул материалды жазып жаткан маалда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору электрондоштурулду деген маалымат тарады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, социалдык паспорт — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо-шартын көрсөтүп турган база. Ал жактан арыз ээлеринин канча баласы бар экени, кирешеси, мамлекеттен канча акча алары, майыптыгы бар-жогун толугу менен көрсө болот.

«Бул документти электрондоштуруу менен эми арыз ээлери ар кайсы мекемеге барып документ толтурбай калат. Социалдык кызматкерлер арыз ээси тууралуу маалыматты базадан карап билип алышат», — деп жазылат маалыматта.

Аталган программа Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы, «Инфоком» компаниясы тарабынан иштелип чыккан.

2017-жылы ажырашуулардын саны Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарында көп болгон. Ал жакта 1000 адамга 18 ажырашкан түгөй туура келет. Бул көрсөткүч Бишкекке салыштырмалуу 9 эсеге көп. 2017-жылы 11 миң баланын ата-энеси эки бөлөк жолго түшкөн. Статистика көрсөткөндөй, ортодо баланын болушу түгөйлөрдүн никесин сактап кала албайт.

Жазгүл Урмамбетова, — атайын Еlgezit.kg үчүн

Еlgezit.kg редакциясы макаланын маңызы үчүн жооп бейрбейт жана редакциянын көз карашын билдирбейт

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу