Нарын облусундагы Жумгал районунда 3 тонна жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Кара куурайды жок кылуу иши 15-20-июлда да уланып, Кичи-Арал, Арал жана Туюк Арал аймактарындагы жана бир жарым гектардай аянт чабылган.
Кабак айылындагы Киндик аймагындагы кара куурайды жок кылуу ишине жергиликтүү бийлик, милиция катышты.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда өтүп, беш тонна кара куурай жок кылынганын жергиликтүү бийликтен кабарлашты. Ушу тапта өлкөнүн бардык аймагындагы жапайы кара куурайды жок кылуу иши улантылып жатат.
Сүрөт интернеттен алынды