Чек ара чыры боюнча Камчыбек Ташиев өз оюн айтты

Окуялар тизмеги 23 Июл 2019 18:22
0 ой-пикир

Экс-депутат Камчыбек Ташиев учурдагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу мындай дейт:

«Өткөндө Аксайда чек ара чыры чыгып, эки тараптуу кыргыз-тажик протоколу түзүлгөндө,» ошол протоколду бергиле элге, окуп түшүнөлү, себеби тажик тараптын элге берген маалыматы боюнча биз утулуп калып жатабыз»,- деп канкакшап да алалган эмеспиз.

Мына бүгүнкү чыр ошол протоколдун негизинде чыгып жатат, себеби ал протоколго биздин жолду «чогуу пайдалануу жолу» деп аташып, ал жолго асфальт төшөөгө тажик тарапка уруксат берилип калган, бул таптакыр биздин мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбейт болчу!!!

Мына кечээ күнү тажик тарап жолду асфальттоону баштап биздин «Аксай» деп жазылган белгини сурдуртуп салат, ошондон конфликт чыкты.
Биз бир метр да жерибизди бере албайбыз!
Чоңдор мекенчилдик кайда???
Колуңардан келбесе бошоткула жооптуу мамлекеттик орундарды өзүбүз чечебиз, керек болсо жаныбызды беребиз!!!
Элимдин тынчтыгы болбосо, жеримдин бүтүндүгү болбосо, эмнеге жашап жүрөбүз!
Урматтуу Президент, чечкиндүү чараларды көрүңүз, дипломатиянын эң жогорку деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүңүз!
Элди, укук коргоо жана аскер кызматкерлерди чыр-чатакка салып берүүнү токтотуш керек!!!»

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.