ВИДЕО, ФОТО: Абылгазиев менен Кореянын премьер-министри «Ала-Арча» капчыгайында эс алышты

Окуялар тизмеги 22 Июл 2019 12:31
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен республикага расмий сапары менен келген Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён «Ала-Арча» капчыгайына барып келишти.

Өкмөт башчылары «Дилгир» фольклордук тобунун чеберчилигине, салбуурун жана улуттук жаа менен атуу өнөрлөрүнө күбө болушуп, кыргыз элинин улуттук суусундуктарынан ооз тийишти.

Ошондой эле премьер-министрлер «Ала-Арча» паркынын аймагында сейилдешип, Кыргызстандын бийик чокуларына чыгуу үчүн Кореядан келген альпинисттердин тобу менен пикир алмашышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.