ВИДЕО: Бишкектин борборунда автошоу учурунда унаа көрүүчүлөрдү сүзүп кетти

Окуялар тизмеги 22 Июл 2019 13:19
0 ой-пикир

Жекшемби күнү, 21-июлда, Бишкектеги «Жеңиш» аянтында дрифт боюнча Gradus Cup аталышындагы  чемпионат өткөрүлмөк. Бирок ачылыш аземине аз калганда Toyota Mark I автоунаасынын 32 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай, элди көздөй күү менен барып кирип кеткен. Окуя видеого түшүп калган.

Медиктердин билдирүүсүндө, ар кандай жаракат менен беш адам ооруканага жеткирилди. Жабыркагандардын арасында Кытайдын эки жараны да болгон. Ал эми айдоочу жабыркаган жок.

Мэриянын билдирүүсү боюнча кырсыктай кийин мелдеш токтотулган. Иш-чараны Sun marketing/Sun People компаниясы уюштурган. Окуядан кийин мэриядан дрифт өңдүү турнирлерге тыюу салууну пландап жатканын билдиришти.

Милиция кырсыкты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, автоунааны айып короого киргизди. Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, рулда 32 жаштагы жаран болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.