2022-жылга чейин алтын менен күмүштүн жылдык көлөмүн 1 тоннага жеткирүү максаты коюлду

Окуялар тизмеги 17 Июл 2019 15:38
0 ой-пикир

Кыргызстандын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Документ бул тармакты өнүктүрүш үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, иш орундарын түзүү жана баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарды өндүрүүчү ата мекендик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмүн арттыруу максатында иштелип чыккан. Муну менен 2022-жылга чейин алтынды жана күмүштү керектөөнүн жылдык көлөмүн 1 тоннага жеткирүү максаты коюлган. Бул зергердик тармакта иштеген 2500 адамдык кошумча иш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Буга чейин Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу Ишкерлерди өнүктүрүү фонду кыргызстандык зергерлер шарт жоктугунан аткезчиликке барып жатканын билдирген.

Финансы министрлиги өлкөдөгү зер буюмдардын 80 пайыздан ашууну чет жактан аткезчилик менен ташылып жатканын маалымдаган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.