Бишкекте газ жарылды

Окуялар тизмеги 16 Июл 2019 07:55
0 ой-пикир

Бишкектин Жумушчулар шаарчасы конушундагы үйлөрдүн биринде газ жарылып, турак жайдын бир бөлүгү кулап түштү. Үй ээси орточо жараат алып, аны «Тез жардам» алып кеткенин милиция билдирди. Окуя Юдахин көчөсүндө 15-июлда кечки саат бешке жакын болду.

Шаардык газ кызматы мүчүлүштүктү оңдоп, абалды жайгарганы айтылууда. Интернетте кырсык болгон үйдүн бир бөлүгү кулап калган сүрөттөр жарыяланды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.