ВИДЕО: Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында Владимир Путин менен жолугушту

Окуялар тизмеги 12 Июл 2019 10:12
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков кечээ Москва шаарында бир күндүк иш сапар менен болуп, Владимир Путин менен жолугушту.

Өлкө башчысынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, лидерлер Россия президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде эки өлкөдө 2020-жылды кайчылаш жыл деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча пикир алмашышты.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу актуалдуу маселелер жана ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Кеңешинин алдыда боло турчу сессиясына даярдыктар талкууланды.

ЖККУ Саммити Бишкек шаарында 2019-жылдын 28-ноябрында өтөт.

Сүрөт, видео интернеттен алынды

Булак: 24kg

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.