Салык кызматы эскертет: бир катар төлөмдөрдүн мөөнөтү жакындап калды

Окуялар тизмеги 12 Июл 2019 11:22
0 ой-пикир

Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөттөрү жакындап калганын эскертти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына, 2-сентябрга чейин турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

«Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдан тартып мүлккө маалыматтык эсеп толтуруп, салык органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду. Мүлкү тууралуу маалыматты юридикалык жактар 1-мартка чейин, жеке жактар 1-апрелге чейин жыл сайын тапшыруучу Бирдиктүү салык декларациясында гана көрсөтүшөт.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.