ВИДЕО: Орусиялык миллиардердин баласынын өлүмүнө кыргызстандык таксист күнөөлөнүүдө

Окуялар тизмеги 10 Июл 2019 14:55
0 ой-пикир

8-июлда Москва шаарынын Фрунзе набережныйда үрөйдү учурган жол кырсыгы болуп өттү. Бул жол кырсыгына  22 жаштагы Кыргызстандын жараны күнөөлүү деп табылды

Окуянын чоо-жайын териштергенде, мотоцикл менен такси унаасы кагышып кеткендиги аныкталган. Таксист 22 жаштагы кыргызстандык жаран экендиги жана 9-июлда Таган райондук соту Кыргызстандын жаранын эки айга камакка алганы белгилүү болду.

Таксинин айдоочусу светофор жашыл жанганда өз кыймылын баштаганда, мотоциклист өтүүгө үлгүрбөй калган. Ал катуу ылдамдыкта келип таксиге сүзүлгөн. Натыйжада транспорт каражаттардын экөө тең күйүп кеткен. Мотоциклде бара жаткан адам алган жаратынан улам кийин жан берген.

Каза болгон 25 жаштагы Александр аттуу жигит Россиядагы миллиардер Владимир Маруговдун уулу экендиги белгилүү болду.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.