Тирүүлүктөн өлүмгө карай кыска жолдор: жашоо мынчалык арзандап кеттиби?

Аналитика, Статьялар 06 Июл 2019 13:11
0 ой-пикир

5-июль күнү, узакка созулган рак оорусу менен күрөшүп жатып, Кыргызстандын белгилүү сүрөткери, фотограф Наиль Насритдинов көз жумду. Ушул эле күнү, тирүү калууга эки күндөй аракеттенип бирок эсине келбей Али Абубакар аттуу жигит дуйнө салды – Алинин өлүмүнө себеп: бир муштуму күчтүү бала. Күн сайын жаңылыктар түрмөктөрүндө Кыргызстандын ар жеринде кишилер о дүйнөгө кете бергенин окуйбуз, кээде нөшөрлөгөн жамгыр сыяктуу мындай суук кабарлар жаап кирет. Өлгөндөрдүн баарынын жаткан жерлери жайлуу болсун.

Тирүү калгандарыбыз мындай көрүнүштөрдүн баарына көнүмүштөй мамиле кылбай, ойлонуп, талкуулап, ар ким өзү үчүн, жакындары үчүн, өзгөчө балдары үчүн сабак, тыянак чыгарганга аракет кылуубуз зарыл. Кудай өмур бергенде, ал өмүрдү киши өзү же башка бирөө колу менен кесип салсын деп бербесе керек. Өмүрдүн баасын, тирүүлүктүн баасын жоготүп, кайдыгер карап, өлүмдүн муздак аймагына бут шилтөөгө, же бирөөнү түртө салганга даяр болгон, фаталист коомго айланып бараткандай сезилет.

Өлүмдүн кээ бир жолдоруна биздин бөгөт койуу мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү. Мисалы, ар кандай оорулар. Рак оорусунан, жүрөк ооруларынан кесилген өмүрлөрдүн саны боюнча Кыргызстанда абал өтө начар. Оорулардын көбүнүн алдын алууга болот, эртелеп диагноз коюлса кишини дарылап сакайтууга болот. Бирок, арийне, ден соолукка мындай абай мамиле кылуу биздин маданиятта анчейин өнүкпөй, жалпы элге жакшы сиңбей келет.

Бирок, оорулардан болгон жоготууларда күнөө кишилерде эмес, болсо да анчалык күчтүү эмес. Коркуткан, кооптондурган өлүмдөр – күн сайын эч объективдүү себеби жок, башка кишилердин колунан көз жумгандар, жашоого кайдыгер караган коом мүчөлөрүнүн айынан болгон өлүмдөр, жана өзүнүн өмүрүнө жеңил караган пенделердин өлүмү.

Али Абубакардын өлтүрүлүшү өзгөчө чоочулатат. Азыркы берилген маалыматтын негизинде, сыягы, аны өлтүргөн бала уюшкан кылмышкер эмес, тапанча көтөргөн бандит эмес, бир купуя бизнес талашынын негизинде бөлгөн иш эмес. Жөн гана спорт менен машыккан кыргыздын кучкө толгон баласы, жөн эле дукөнгө келген көрүнүшү башка болгон курман жигит, күп-күндүз, шаардын так ортосунда, элдин арасында, муштум менен бир уруп, өлүмгө туртуп койуптур.

Мындай коом коркунучтуу. Муштумду оңго-солго шилтей жүрүү, спортзалына барганда мушташууну үйрөнүү, анан бирөөнүн көз карашы жакпаса, сөзү жакпаса, же түсү жакпаса ал машыккан муштумду башка кишиге батыра чабуу кадыресе, кадимкидей көрүнүш болсо, мындай коомдон сактасын. Бирок ошентип жүргөн, ошондой муштум жолунда болгон балдар баары эле бирөөлөрдүн балдары, бирөөлөрдүн инилери, достору, туугандары эмеспи. Ошондой балдар көбөйгөну, ошондой журум-турум көбөйуп жатканы үчүн коом да жоопкерчиликтүү.

Али мырзага кош айтышып, сүйлөп-сүйлөп калабыз. Буга чейин болуп жүргөн көрүнүштөр улана берет. Түсү, бети башкачараак келген адамдар – Индиялык жана Пакистандык студенттер, Африканын ар бурчунан келген Али сыяктуу Кыргызстанда иштеп, жашап калган кишилер – муштуму күчтүүлөрдүн зордугуна туш болуп жүрө беришет.

Кыздарыбыз жана жаш балдар өзгөчө дагы курмандыктар. Былтыр эле тартип коргоочулардын төрүндө отуруп бир бала Бурулай деген айдай кызыбызды өлтүруп койгон. Сүйлөп-сүйлөп калдык. Андан бери дагы далай кыздар өлтүрүлбөсө да Бурулайдын артынан уурдалып, зордукка кабылып келатат. Канчалаган жаш балдар, дээрлик бөбөктөр өз жакындарынан, туугандарынан муштум, таяк, тепки жеп, тирүү калганы майып болуп, калбаганы о дуйнөгө кеткендеричи. Эстесең жүрөк титирейт, канын сууйт.

Анан да, муштуму жок, зордугу жок деле, бирок адамдын ойлонбогон, жашоого маани бербеген кыймыл-аракетинен кеткен жашоолорчу. Быйыл эле сууга чөгүп өлгөн кишилердин саны 60ка чукулдап калыптыр. Былтыр биздин чыгаан журналистибиз Улан Эгизбаев эс алуу жеринде, пляжда сууга чөгүп өлдү. Ошончо жоготуулар болгондо деле, жадагалса ошол пансионаттарда да чындап иштеген куткаруучу кызматтар коюлбай келет. Быйылкы сезондо дагы канча жаран, канча конок келип Ысык-Көлдөн чыкпай калат экен деп коркосуң.

Баарыбыз күндөлүк күбө бөлгөн эң эле маанисиз түрдө жоголгон өмүрлөр – биздин жолдордо. Күн сайын жашоо менен өлүмдүн мизинде, өзүн эле эмес жолдо жүргөн баарыбызды тобокелге салып унааларда учкан учкучтарды көрөбуз. «Коопсуз шаар» проектиси жол кесилиштерин бираз жөнгө салганы менен, башка жерлер дээрлик мурдагыдай эле. Бул учкучтар да көбунчө жаш балдар, машиненин «газ» тепкичин жакшы көргөн. Кечинде карасан, жаңылыктарда күн сайын жөл кырсыгынан өлдү деген кабар.

Өлгөндөрдүн баарынын жаткан жерлери жайлуу болуусун тилеп гана калабыз. Тирүу калгандардын алдындагы килейген бир парзы – адамдын аракетинин кесепетинен же керек жерде аракет кылбаганынын кесепетинен, же жеңил ой кыймылынын натыйжасында болгон өлумдөрдү болтурбоо. Мунун баары, негизинен, жакшы тарбиядан, туура маданияттан, кош көнүл болбоодон. Жогоруда айтылган, өлүмгө бир заматта жеткире койгон жолдордун баарында адамдын аракети же аракетсиздиги турат. Кишинин өмүрү назик – өлтүрүп койуу оп-оңой. Ал өлүмдүн артында калган кайгы-азап өлгөндүн жакынына да, өлтүргөн кишиге да тоодон оор. Негедир, биздин коомдо оор жагын ойго албай туруп оп-оңой жагын кылып койгон көп болду.

Elgezit.kg редациясы

 

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.