Соода борборунун алдында сабалган адамдын сөөгү Бишкекте коюлмакчы

Окуялар тизмеги 05 Июл 2019 14:17
0 ой-пикир

Бишкекте сабалып, оор жарааттан улам каза болгон чет элдик Али Абубакардын сөөгү Бишкектеги көрүстөндөрдүн бирине коюлат.

Бул тууралуу ал иштеген Cambridge School тил үйрөнүү мектебинин өкүлү билдирди. Анын жаназасы шаардагы мечиттердин биринде 13:30да окулат. Маалыматка караганда, маркумдун мурда дагы Кыргызстанда жашап кеткен иниси Бишкекке келген.

Нигериянын 34 жаштагы жараны 2-июлда «Айчүрөк» соода борборунун алдында токмок жеп, оор абалда ооруканага түшкөн. Ошондон бери комадан чыкпай каза тапты.

Милиция аны урганга шектүү адамды эртеси күнү кармап, камакка алган. Ал Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы тургуну болуп чыккан. Кылмышкерди кармап, жазалоону премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тапшырган болчу.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.