Кыргызстандан кеткиси келген кыргыздар

Окуялар тизмеги 04 Июл 2019 15:29
0 ой-пикир

ыргызстанда калктын 54,4% жашоо-шартына канааттанат. Нааразы болгондор 43% көп. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» эл арасында жүргүзгөн сурамжылоодон ушундай тыянак чыгарды. Жашоого канаат кылгандардын эң көбү Баткенде, андан соң Ош шаарында жашашат. Бишкек шаарында нааразы пикирдегилер басымдуураак.

22-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоодогу жоопторго ылайык, жарандардын 6,1% өлкөсүнөн кетүүнү пландайт. Алар 39 жашка чейинкилер. Эркектерге караганда аялдар көп.

Башка өлкөгө көчүп кетүүнү каалагандар өнүккөн өлкөлөрдөгү жетишкендиктер менен Кыргызстандагы жагдайды салыштырышкан. Алар чет мамлекетке кетип калган тууган-тааныштарынын жашоосу жакшырганын айтышкан.

Сурамжылоонун жыйынтыгынын дагы бир пунктуна ылайык, чет мамлекеттерге көчүп кеткендердин бештен бири Кыргызстанга кайтып келген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.