ВИДЕО: Бакыт Төрөбаев: «Жаштар айрым саясатчылардын сөздөрүнө ишенип, курал болбосун»

Окуялар тизмеги 03 Июл 2019 12:07
0 ой-пикир

2-июлда «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламентте жаштар менен болгон жолугушту. Эл өкүлү азыркы кезде өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу митингдерге жаштарды тартуу аракети кызуу жүрүп жатканын, бирок, жаштар алардын чагымчылдык, жалган маалыматтарына, убадаларына ишенбеши керектигин белгиледи. Анткени, патриотизм идеясы көчөгө чыгуу, кыйкыруу, провокация кылуу менен ишке ашпай тургандыгын депутат баса белгиледи.

“Силер терең билим алып, мекенди сүйүп, анын коопсуздугун башкы орунга коюп, мамлекетке салым кошкон адамдардан болгула. Кыргызстаныбызда ар дайым стабилдүүлүк орноп, маселени көчөгө чыгуу менен эмес, мыйзам чегинде чечкен өлкөлөрдөн бололу” – деди Төрөбаев.

Сүрөт, видео интернеттен алынды

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.