Асел Кодуранова, депутат: «Алмазбек Атамбаевди чакырсаңар болмок, ал көчөдө жүргөн киши эмес»

Окуялар тизмеги 27 Июн 2019 12:48
0 ой-пикир

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу маселеси депутаттар тарабынан каралууда.

Учурда Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттардын суроосуна жооп берип жатат.

КСДП партиясынын лидери Асел Кодуранова Баш прокурорго эмне үчүн экс-презизентти чакырган жоксуңар деп нааразы болду. Буга Жамшитов мыйзам жол бербейт деп жооп узатты.

Ошону менен катар эле, комиссиянын корутундусу чыккандан кийин 1 айда каралышы крек экендигин жана ишти бат эле карап чечим чыгарып жаткандарын туура эмес деп белгиледи.

Сөзүнөн адашып калган Жамшитовго Кодуранова Шамиль Атахановдун көрсөтмөсүн депутаттарга таратып берүүсүн талап кылды. Бирок, тиллекке каршы, генпрокурор көрсөтмөнү берүүдөн баш тартты.

Ошондой эле, Асель Кодуранова айрым мыйзамдар регламентте мыйзамдар мыйзам бузуу менен кабыл алынып жатканын да белгиледи.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.