Уран боюнча долбоор биринчи окууда талкууга алынат

Окуялар тизмеги 25 Июн 2019 10:23
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстандын аймагында геологиялык-издөө, чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзам долбоорунун авторлору — депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Дастан Бекешев, Алтынбек Жунус уулу жана Канат Керезбеков.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол боюнча маселе талкуулангандан кийин, 2-майда республика аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алган.

Ага чейин жарандык активисттер, жергиликтүү тургундар Кызыл-Омпол кенинде уранды чалгындоого каршы Бишкекте, Балыкчыда, Караколдо бир катар митингдерди, наразычылык акцияларды  өткөрүшкөн.

Сүрөт интернеттен алынды 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.