Москва: Белгисиз адамдар кыргыз жигитин каракташты

Окуялар тизмеги 25 Июн 2019 14:59
0 ой-пикир

Москва шаарынан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык жаранды карактап кетишти. Бул тууралуу «Москва» шаардык жаңылыктар агенттиги билдирди.

Алынган маалыматка караганда, 24-июнда кечинде «02» кызматына Кыргызстандын 1991-жылы туулган жаранынан каракчылык тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жабырлануучунун унаасынан белгисиз 2 жүргүнчү бычак менен коркутуп телефонун жана 101 миң рублин алып качып кетшкен.

Материалдык чыгымдын суммасы 106 миң рублди түздү. Полиция факт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.