Кумтөр келишими боюнча өкмөттүн маалыматы жабык эшик артында угулууда

Окуялар тизмеги 25 Июн 2019 15:32
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети Кумтөр келишими боюнча өкмөттүн маалыматын жабык угууга киришти.

Аны жабык кароону премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган. Комитет жыйынына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон өкмөт мүчөлөрү келишти.

Анда негизинен 2017-жылдын 11-сентябрында өкмөт менен Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын ортосунда кол коюлган “Инвестицияларды өнүктүрүү жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча стратегиялык келишимдин” аткарылышы ортого салынмакчы.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.