Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын судьялыгына Карыбек Дүйшеевди шайлады

Окуялар тизмеги 20 Июн 2019 16:55
0 ой-пикир

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын судьялыгына Карыбек Дүйшеевди шайлады.

Анын талапкерлигине 85 депутат «макул», 15 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди. Талапкер Карыбек Дүйшеевди депутаттарга президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды.

«Ал жогорку билимдүү, Москва мамлекеттик университетин, СССР илимдер академиясынын аспирантурасын бүтүргөн. Юридикалык тажрыйбасы бар, Юстициянын мыкты кызматкери», — дейт Дыйканбаев.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.