Кароосуз калган жана унутулган: Ала-Арча көрүстөнүндө белгилүү адамдардын каралбай калган мүрзөлөрү

Аналитика, Статьялар 19 Июн 2019 15:49
0 ой-пикир

Семетей АМАНБЕКОВ — атайын Elgezit.kg үчүн

Бишкектин Ала-Арча көрүстөнүндө сөөгү коюлгандардын туугандарынын аракети менен розалар, хризантемалар, кызгалдактар гүлдөп, ал эми жай айлары жашоо уланып жатканынан кабар берип турат. Бул жерде кыргыздын улуу инсандары, каймактары: белгилүү мамлекеттик ишмерлер, актёрлор, жазуучулар, аскер кызматкерлери, окумуштуулар жана эмгеги сиңген кызматкерлер жай табышкан…

Мурда белгилүү адамдарга эстелик тургузуу менен мамлекет алек болгон, башкача айтканда, Министрлер кеңешинин токтому менен мамлекет тарабынан каржыланган. Мыкты скульпторлор долбоорлорду түзүп, эстеликтерди, тосмолорду жасап, келишкен. Ошондуктан Ала-Арча некрополу монументалдуу, аны менен катар эле көрктүү көрүнөт. Бирок акыркы он жылдан бери ал жайдын абалы өзгөрө баштады.

Өлкөнүн символу болгон, тарыхтын таланттары эсептелген белгилүү адамдардын, көбүнүн мүрзөлөрү азыр каралбай, унутта калган. Отоо чөп басып кеткен айрым эстеликтерди көрүү бир топ эле кыйынчылык жаратат. Мемориалдар кыйшайып, тамгалардын өңү өчүп, тепкичтери майдаланып, тосмолорунун өңү өчүп, дат басып баштаган.

Өлкө үчүн өз убагында өмүрүн, күчүн, жаштыгын берген адамдардын мүрзөсүнө көз салууга мамлекеттин чамасы жетпей турган учуру. Баарынан дагы бул улуу инсандардын урпактары азыр жашап туруп дагы эч кандай аракеттерди көрбөгөнү таң калтырат. Ата-энелеринин, чоң аталарынын, чоң энелеринин, агаларынын, эжелеринин, туугандарынын монументтерин караганга убакыт же каражат таппай жаткандары өкүндүрөт…

“Көрүстөндү караган кызматкерлер менен сүйлөшүп, бир аз акча берип, ал жайды тазалап турууну суранса болот. Бирок бул дүйнөдөн өтүп кеткендердин көбүнүн туугандары жөн гана алардын мүрзөлөрү тууралуу унутуп коюшкан. Биз айлананы тазалап, чөптөрдү чаап, жолдорду шыпырып турабыз, гүлдөргө суу куябыз. Бирок тосмонун ичине кирип, бутактарды сындырууга укугубуз жок”,-деди жергиликтүү кызматкер, менин каралбай калган мүрзөлөрдү айланып жүргөнүмдү көрүп.

Сөзүбүз куру болбошу үчүн биздин фоторепортажга көңүл буруңуздар. Мамлекет жана урпактары тарабынан унутта калган улуу адамдардын жаткан жайларына күбө болуңуздар.

Сүрөттү басып чоңойтуп көрсөңүз болот!

CАЯКБАЙ КАРАЛАЕВ (1894 — 1971) УЛУУ МАНАCЧЫ

Улуу манасчынын жаткан жайын чөп басып, кароосуз калган.

 

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ (1915 — 1950) ЗАЛКАР АКЫН, ДРАМАТУРГ, КОТОРМОЧУ

Улуу акындын мүрзөсүн отоо чөптөр басып калган. Эстеликке чырмоокторду аралап араң өтөсүң. Осмоновдун мүрзөсүнүн жанына орнотулган отургуч дагы чөпкө чулганып калган.

ТӨРӨКУЛ АЙТМАТОВ (1903 — 1950) БЕЛГИЛҮҮ МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕР

НАГИМА АЙТМАТОВА (1904 — 1971) БЕЛГИЛҮҮ КООМДУК ИШМЕР

Чыңгыз Айтматовдун апасы Нагима Хамзееванын жана атасы Төрөкул Айтматовдун мүрзөсү (Чоң-Ташта анын сөөгү табылгыча) дагы жакшы абалда эмес. Тепкичтери жарака кетип баштаганы аз келгенсип, айланасына гүл дагы отургузулган эмес. Көрүнүшү начар.

 

 

                        БҮБҮСАРА БЕЙШЕНАЛИЕВА (1926 — 1973) МЫКТЫ БАЛЕРИНА, БИЙЧИ, МУГАЛИМ

Белгилүү кыргыз, совет балеринасы Бүбүсара Бейшеналиеванын эстелигинин көрүнүшү дагы өтө начар абалда.

 

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ (1912 — 1997) ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУ, КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН АЛПЫ

                     ДИНАРА АСАНОВА (1942 — 1985) ИСКУССТВОГО ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕР,

КЫРГЫЗ, СОВЕТ КИНОРЕЖИССЕРУ ЖАНА АКТРИСА

 

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ (1901 — 1938) КӨРҮНҮКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕР, КЫРГЫЗ АССРИНИН ЭЛ КОМИССАРЛАР КЕҢЕШИНИН БИРИНЧИ ТӨРАГАСЫ, КЫРГЫЗСТАНДЫ АЧКАЧЫЛЫКТАН САКТАП КАЛГАН АДАМ

          БОЛОТ ЮНУСАЛИЕВ (1913 — 1978). КЫРГЫЗ ССРИНИН ИЛИМИНЕ ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕР, ФИЛОЛОГ, ТАРЫХ, ДИАЛЕКТОЛОГИЯ ЖАНА АДАБИЙ ТИЛИ БОЮНЧА АДИС

 

                 КАСЫМКУЛ НАНАЕВ (1909 — 1977 ) — КӨРҮНҮКТҮҮ ЛИНГВИСТ, «МАНАС»                                                           ЭПОСУН ИЗИЛДӨӨЧҮ

                       ЧИКЕЕВ ЧЫМЫРБАЙ (1907 — 1977) КЫРГЫЗ ССРИНИН ЭКС-СООДА                                                                         МИНИСТРИ

                           МУСА ЖАНГАЗИЕВ (1921 — 1997) ЭЛ АКЫНЫ, КЫРГЫЗ БАЛДАР                                                     АДАБИЯТЫНА НЕГИЗ САЛУУЧУ

                                   БАКЕН КЫДЫКЕЕВА (1923 — 1993) АТА МЕКЕНДИК КИНЕМАТОГРАФИЯНЫН ПРИМАСЫ, СССРДИН ЭЛ АРТИСТИ, КЫРГЫЗ ССРИНИН ЭМГЕК СИҢРГЕН АРТИСТИ, СТАЛИН ПРЕМИЯСЫНЫН ЛАУРЕАТЫ

МЕЛИС УБУКЕЕВ. СЦЕНАРИСТ, РЕЖИССЁР. КЫРГЫЗ ССРИНИН ИСКУССТВОСУНА ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕР

 

 

Бул сүрөттөрдү барактап көрсөңүз болот.

Белгилүү академиктердин, маданият, искусство ишмерлеринин, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин ж.б. каралбаган мүрзөлөрү.

 

 

 

 

 

 

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.