Илмияновго карата тергөө иши аяктады — УКМК

Окуялар тизмеги 17 Июн 2019 13:26
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Тергөө башкы баршкармалыгы Икрамжан Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш-иши боюнча тергөөсүн аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иликтөөнүн жыйынтыгы менен 2019-жылдын 10-июнь күнү Икрамжан Илмияновго КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренсинин 3-бөлүмү (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасоого шектелгендиги айтылып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы билдирилген.

Азыркы учурда И.С.Илмиянов жана анын жактоочулары козголгон ишинин материалдары менен таанышып жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.