Кытай лидери Бишкекте

Окуялар тизмеги 13 Июн 2019 07:45
0 ой-пикир

ШКУ мүчөлөрүнүн саммитине байланыштуу кытай лидери Бишкекке келди.

Бүгүн 13-июнда Бишкекте кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрү өтөт. 12-июнда Кыргызстанга Кытайдын лидери Си Цзинпин мамлекеттик сапар менен келди.

Эл аралык «Манас» аэропортунан аны кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Бүгүн кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрүлөт, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.

Сапардын алкагында кыргыз-кытай бизнес-форуму өтөт.

Ал эми эртең, 14-июнда Си Цзинпин Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.