Депутат Турускулов Улуттук тарых музейине Усубалиевдин ысымын ыйгарууну сунуштады

Окуялар тизмеги 13 Июн 2019 14:19
0 ой-пикир

Быйыл белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык маарекеси белгиленгени турат. Мен буга чейин ордо калаадагы Улуттук тарых музейине анын ысымын ыйгаруу жөнүндө маселе көтөргөн элем. Жаӊыдан оӊдоп-түзөлгөн Тарых музейи ушул кезге чейин ачылбай турат, эмне үчүн? Аны тезинен ачыш керек. Бул тууралуу депутат Жыргалбек Турускулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Мага Түркиядан телефон чалып, музейдин тезинен ачылышын суранып жатышат. Тарых музейине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгарып, анда ири мамлекеттик ишмердин өмүр жолуна арналган атайын бурч уюштурулса, биз үчүн да, биздин келерки муун үчүн да, биздин меймандар үчүн да жакшы болмок», — деди депутат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.