ВИДЕО: Алтынбек Сулайманов, депутат: «Экс-президент кетирген катачылыгын оңдойм десе, анда тынч отурсун»

Окуялар тизмеги 12 Июн 2019 15:50
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов экс-президент Алмазбек Атамбаевке карата Фейсбуктагы баракчасына кечээ билдирүү жасады. Ал Атамбаевдин 8-июнда «Медиа форум» имаратынын алдында сүйлөгөнүнүн “экс-президент деген статусту көтөрө албай калыптыр” деп баалады.

Сулаймановдун жазгандары төмөнкүчө:

Экс-президент Алмаз Атамбаевдин 8-июнда сүйлөгөн сөзүн уктум. Ал кишинин өлкөдөгү коррупция, негатив жөнүндө сүйлөгөнгө моралдык укугу жок. Алмаз Атамбаев сот системасына, укук коргоо органдарынын иштегенине нааразы болсо, өлөкөдөгү кемчиликтерди белгилеп жатса, анда 6 жыл өлкөнү башкарган киши катары күнөөнү бирөөгө оодарбай, суроону өзүнө берсин. Эгер Алмаз Атамбаев өзүнүн башкарып турганда кылган кемчиликтерин унутуп калган болсо, эл ал нерселерди унуткан жок.

Экс-президент кетирген катачылыгымды оңдойм десе, анда саясатка аралашпай тынч отурсун. Башка бир мусулманды мунафик, каапыр деп атаганы, ал кишинин экс-президент деген статусту көтөрө албай жатканынан кабар берет. Ушундай кырдаалда Сооронбай Шариповичтин сабырдуулугуна дагы бир жолу баа бердим. Өлкө башчыбыздын коррупция менен күрөшүнө баарыбыз колубуздан келишинче жардам беришибиз керек!

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.