Президент саммитке кызуу даярдыктарды көрө баштады

Окуялар тизмеги 11 Июн 2019 15:33
0 билдирүү

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргызстанга боло турчу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визитине, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганын жана Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий визиттерине даярдыктын жүрүшү талкууланды.

Мындан тышкары, министр Чыңгыз Айдарбеков Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкектеги кезектеги жыйынына даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы бардык аты аталган иш-чараларды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бардык даярдык иштери мурда белгиленген мөөнөттө жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле тышкы саясат ведомствосунун алдында турган учурдагы актуалдуу милдеттери тууралуу айтып берди.

Сүрөт Президенттин сайтынан алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.