ВИДЕО: Аида Касымалиева Обама менен жолукту

Окуялар тизмеги 01 Июн 2019 17:41
0 ой-пикир

Депутат Аида Касымалиева АКШнын экс-президенти Барак Обама менен Канаданын Оттава шаарында ушул күндөрү өтүп жаткан Ачык-Өкмөт Өнөктөштүгү глобалдык саммитинин алкагында жолугушту.

“Барак Обама менен жолугушуудан жаңы эле чыгып, сиздер менен бөлүшүп коеюн дедим. АКШнын экс-президенти азыр Оттава, Канадада өтүп жаткан Ачык Өкмөт Өнөктөштүгү глобалдык саммиттин алкагында Аргентина, Эстония, Украина, Кения, Ооганстан, Канададан келген жаш лидерлер менен жолугуп, баарлаштык. Барак мырза мен күткөндөн алда канча кызыктуу, кыйын инсан экен. Бөлмөгө кофесин көтөрүп алып, акырын басып кирип, дароо баарыбызга атыбызды айтып, өмүр бою ар бирибизди билгендей сезим калтырды. Бир саат кантип өткөнүн деле сезбей калдым. Айтор, эмоция көп!

Канадада өтүп жаткан саммитте дүйнө жүзү боюнча тандалып алынган лидер аялдар тууралуу тасманын бет ачары болуп, анда сөз сүйлөдүм (тасмага мен да тартылган элем). Жакынкы күндөрү ачык парламент боюнча биздин Жогорку Кеңештеги жумушчу тобубуз иштеп чыккан кадамдарды парламентте талкуулайбыз”,- деп жазды депутат.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=1&v=EvZ8i0LA5Fs

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.