КСДПнын эки депутаты интернетте кайым айтыша кетти

Окуялар тизмеги 01 Июн 2019 15:55
0 ой-пикир

КСДП фракциясынын эки депутаты Эльвира Сурабалдиева менен  Жанар Акаев соцтармактар аркылуу кайым айтышып кетиши. Кайым айтышууга себеп Эльвира Сурабалдиеванын «Азаттыктын» Раим Матраимов тууралуу иликтөөсүнө байланыштуу эркек депутаттарга карата парламентте айткан сын-пикири болду.

«Мен 4 жылдан бери эле коррупция, саясий камоолор боюнча туруктуу бир позицияда келе жатам. Бир базарчы коллегам финполдун замына   суроо берип, мактанат. Камоолор, соттошууларда кайда элең деген киши жок. Майда чиновниктерге асылбай, системага тийишсең деп койсом таарынып калыптыр:)»,-деп жазды депутат Жанар Акаев өзүнүн Твиттердеги баракчасына.

Жанар Акаевдин мындай пикирине Эльвира Сурабалдиева мындай деп жооп жазды:

“Орозо маалында ачууга салбайын, бүгүн Кадыр түн экен. Кечээ мен катуураак сүйлөп койсом Жанар Акаев иним намыстанып кетсе керек.

Атамды 2005-жылы атып кеткенде, мен 26 жаштагы үйдүн тун кызы катары, үй-бүлөлүк бизнести башкарууну аргасыз мойнума илдим.

Кантсе да базарда иштегендерди киши катары санабай, алардын жумушун мазактагандык эл өкүлү үчүн туура эмес — алар да биздин жарандар. Миңдеген эмес, жүз миңдеген кыргызстандыктар Совет бийлиги таркаганда, айласыздан базарларга чыгышып, арасында мугалимдерди, доктурларды, илимий адамдарды, журналисттерди да тааныймын, тынч оокатын кылып келе жатышат. Кайнаган ысыкта да, чыркыраган суукта да темир контейнерде ден соолуктан ажырап, байып тапкан акчаларын кийин ооруканада коротушат. Мамлекетке жалдырабай, 30 жылдан бери жакындарын багып жүргөнүнө деги ыраазычылык.

Бетиме айтпай, интернеттен эрдик кылып жүргөн жаш иниме эскертүү — заман оомал-төкмөл болот, бийлик жана байлык бул чоң сыноо, көтөрө билиш керек.

Финполдун замына Раим Матраимов жөнүндөгү “Азаттыктын” иликтөөсү тууралуу мен эмес, ошол жердин аркасы менен парламентке келген Жанар иним суроо берсе аябай жарашмак…

Баардыгы сатылат дегендердин убагы да кетет, абийир менен намысты бекем кармаган эркектер, эл өкүлдөрүнө калкыбыз муктаж болгон заманда — кашыктап чогулткан абройду, чөмүчтөп төкпөйлү. Ата-бабаларыбыздын арбактары да, келечек муундар да бизди кечирбейт.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.