«КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны ачык өтүп жатат

Окуялар тизмеги 31 Май 2019 12:54
0 ой-пикир

Алгач депутат Гүлшат Асылбаева бул маселеде коммерциялык сырлар бар экенине байланыштуу жыйынды жабык өткөрүүнү сунуштады.

Эгер талкуу жабык өтсө, комиссиянын курамынан чыга турганын Жанар Акаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Мирлан Жээнчороев билдиришти.

Аталган жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Чакырылган Иманкадыр Рысалиев жана анын уулу Эрназар барган жок.

Майдын башында түзүлгөн депутаттык комиссия «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайл» компаниясына 345 миллион сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтеп жатат. Анын биринчи отуруму 17-майда болгон.

Талаш-тартыш жараткан «КТ Мобайл» — 2003-жылы түзүлүп, бирок ушул күнгө чейин иштебей келген «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгон.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.