Эки депутат «Азаттыктын» журналистинин коопсуздугун камсыздоого жана Өкмөт чечим чыгарылышын айтышты

Окуялар тизмеги 31 Май 2019 15:50
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин эки депутаттары Дастан Бекешов менен Жанар Акаев Парламенттин бүгүнкү жыйынында «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакуновдун коопсуздугу камсыздалып, журналист алып чыккан маселе боюнча чечим чыгарылышы керектигин айтышты.

Дастан Бекешов ЖК депутаты Искендер Матраимов “кызыкчылыктар кагылышы” деген божомолдорго жем таштабаш үчүн парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан өз эрки менен кетиши керектигин белгиледи.

Эл өкүлүнүн айтымында, Каржы полициясынын тутумунда иштеген Ислам Матраимов да кызматын токтото турушу керек деп эсептейт.

“Башкы прокуратура “Азаттыктын” иликтөөсүндө келтирилген маалыматтарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, тез арада иликтей баштоону Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматына, Финансы полициясына, Каржылык чалгын кызматына жана Бажы кызматына тапшырып, журналистти коргоого алышы керек” деп Бекешев өзүнүн жеке сайтына жазды.

29-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасы эфирге чыккан. «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деп аталган көрсөтүүнүн автору Али Токтакунов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз айтылган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы сөз болуп жаткан миллиондор ири базарларда иштеген ишкерлердин импорттук акчасы экенин бүгүн билдирди.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Азаттык” радиосунун иликтөөсүндө айтылган суммалар боюнча өкмөт чечим кабыл алышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламентте сүйлөп жатып айтты:

— Мындан 2 күн мурун “Азаттык” чыгарган маселенин тегерегинде 700 миллион доллар чыгып кеткени боюнча. Баарыбыз дуулдап жатабыз, бирок чечимди өкмөт кабыл алышы керек да. Бул кимдин акчасы, кайдан келген, эмне болгон акча? Коомчулукта бул акча бир үй-бүлөнүкү, тагыраак айтканда, Матраимовдордуку деген сөз, талкуу кетти.

Сүрөт интернеттен алынды

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.