Мамлекеттик органдарда эмерек жана унаа сатып алууга 3 жылга чейин тыюу салуу сунушталып жатат

Окуялар тизмеги 29 Май 2019 11:59
0 ой-пикир

Өлкөдө мамлекеттик органдардын бюджеттик каражатка автомашина, ишти уюштуруу техникасын жана эмерек сатып алуусуна 3 жылга чейин тыюу салуу  сунушталып жатат.

Мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүү боюнча токтом долбоорунун демилгечиси – депутат Мурадыл Мадеминов.

Бул маселе бүгүн 29-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланды.

Талкуу учурунда депутат Кубанычбек Нурматов 30 миӊден ашуун калкы бар айрым айыл өкмөттөрүндө Совет мезгилинен калган эски эмерек турганын, аларды жаӊысына алмаштырууга мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын айтты. Ал эми депутат Акылбек Жапаровдун пикиринде, мектептер менен ооруканаларга эмерек сатып алууга уруксат берип, андан башка мекемелерге автомашина сатып алууга тыюу салуудан үнөмдөлгөн каражатты курулушу бүтө элек мектептерге жумшоо керек.

Жыйынтыгында депутаттар автомашина жана эмерекке тыюу салып, техника сатып алууга уруксат берүү керек деген чечимге келишти. Чектөө мектеп жана ооруканалардын эмерек сатып алуусуна колдонулбайт.

Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мамлекеттик органдар сатып алууларга республикалык бюджеттен жыл сайын 2 млрд сомдон ашуун каражат жумшашат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.